16:56, 3-апрель, 2026

Жердештерин алдоого шектелген Бангладештин жараны кармалды

На русском
14:56, 3-апрель, 2026 302

АКИpress - Алдамчылыкка шектелген адам кармалды, деп маалымдады Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

Милицияга Бангладештин 9 жараны мекендешине карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жабырлануучулардын айтымында, ал Бангладешке акча которууга жардам берем деп ишендирип, февраль айынан бери 1 млн сом алып, бирок акчаны өз керегине жумшап салган.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 2003-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалды.

Бишкек ШИИББ кармалган адамдын аракеттеринен жабыр тарткандарды же кандайдыр бир маалыматы барларды 0 702 405 065, 0 507 289 944, 0 703 222 622, 0708 049 244 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»