16:56, 3-апрель, 2026

Бишкекте 2 унаа катышкан жол кырсыкта жөө адам мерт кетти

На русском
13:23, 3-апрель, 2026 896

АКИpress - 3-апрелге караган түнү Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, түнкү саат 2:00 чамасында 2001-жылы туулган К.Б.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Лексус 460» үлгүсүндөгү унаа А.Токомбаев көчөсү менен батыш тарапка бара жаткан. Ал «НТС» телеканалынын алдында жөө адамдар өтүүчү тилкеде токтоп турган «Хонда Фит» унаасын артынан сүзгөн. Андан кийин «Лексус» жөө жүргүнчүнү сүзүп, жол жээгинде токтоп турган эки автоунааны да сүрүп өткөн.

Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган Х.Ш.А. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны 1990-жылы туулган Б.Р.Б. башкарып бара жаткан.

Жол кырсыгы катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки текшерүү башталды жана тергөө жүргүзүлүүдө.

Видео менен активист Эртай Искаков бөлүштү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»