17:02, 3-апрель, 2026

Бүгүн кыргызстандык боксчу Азия чемпионатында жарым финалга чыгуу үчүн беттешет

На русском
13:03, 3-апрель, 2026 170

АКИpress - Кыргызстандык боксчу Элдар Турдубаев Моңголияда өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыгуу үчүн беттешет.

«World Boxing» боюнча мелдеш Улан-Батор шаарында өтүүдө. Турдубаев 70 кг чейинки салмак категориясында катышып, мелдешти 1/8 финалдан баштаган.

Ал биринчи беттешинде Түркмөнстандын өкүлүн жеңген, ал эми 1/2 финалга өтүү үчүн япониялык спортчу менен күч сынашат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»