17:21, 3-апрель, 2026

Кытайда мал арасында шарп оорусу катталды

На русском
12:42, 3-апрель, 2026 423

АКИpress - Кытайдын Айыл чарба министрлиги өлкөнүн түндүк-батышында – Ганьсу провинциясында жана Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда Моңголия, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Пакистан жана Индия менен чектешкен жерде бодо малдын арасында шарп чыккандыгын билдирди.

«Reuters» агенттигинин маалыматы боюнча, эки чарбадагы жалпы 6229 баш малдын ичинен 219 уйда оору тастыкталган.

Лабораториялык анализдер бул шарптын «SAT1» серотипи экенин көрсөттү – бул вирус буга чейин Кытайда катталган эмес жана өлкөдө колдонулуп жаткан вакциналар ага каршы алсыз, бул жарандарды тынчсыздандырууда.

Ганьсу жана Синьцзяндагы жергиликтүү бийликтер оору жуккан жана ооруган мал менен байланышта болгон малды союп, ошондой эле фермаларды дезинфекциялоону баштады. 

Марттын орто ченинде Россиянын Новосибирск облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилип, мал конфискацияланып баштаган. 

Шарп – бул өтө жугуштуу вирустук оору, ал бодо малды жабыркатат. 

«SAT1» алгач 1948-жылы Түштүк Африкада аныкталган. 2025-жылы вирус тездик менен жайылып баштаган. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»