17:21, 3-апрель, 2026

Видео — Жаш жигит намаз учурунда телефон уурдап кеткен

На русском
12:32, 3-апрель, 2026 265

АКИpress - Уурдоого шектелген адам кармалды, деп билдирди 3-апрелде Ленин районунун милициясы.

27-январда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Анын айтымында, 26-январда мечиттен телефону уурдалган. Видеодо намаз учурунда мечитке жаш жигит кирип, текчеден телефонду алып кеткени көрүнөт. 

Милиция 2008-жылы туулган С.А. аттуу шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамдын дагы эки ушундай окуяга тиешеси бар экени аныкталган.

Тергөө уланууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»