АКИpress - 6-апрелден тарта Бишкекте айдоочулук күбөлүк берүү боюнча теориялык сынак жаңы даректе өткөрүлөт.
Буга чейин сынак Ч.Валиханов көчөсү 2, 3-имарат дарегинде өткөрүлчү. Эми сынак Фатянов көчөсү 170а дарегинде (Горький көчөсү 142) уюштурулат.
Мурунку дарек боюнча сынакка жазылгандар жаңы дарекке келиши керек.