16:58, 3-апрель, 2026

«Кудайбергендин» жанындагы аймак үчүн Биринчи май районунун акими сөгүш алды

На русском
10:31, 3-апрель, 2026 550

АКИpress - 2-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кудайберген» базарына жакын аймакты кыдырып, мыйзамсыз орнотулган объекттерди алуу иштери жүрүп жаткандыгын көрдү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, көрктөндүрүү иштерин текшерүү учурунда мэр Патрис Лумумба көчөсүндөгү аймактын абалына нааразычылыгын билдирди. Айрым жерлер көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн берилген, бирок иш жүзүндө максатсыз колдонулуп келет: тосмолор орнотулуп, унаа тетиктери, дөңгөлөктөр жана башка буюмдар коюлган.

Чатыр орноткон субъектке айып салынып, мыйзамсыз ээленген аймактарды бошотуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, орнотулган күркөлөрдү бузуп, турак үйдүн жанындагы жашыл аянтты уюштуруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле, тийиштүү кызматтар үй алдындагы аймактарды колдонуунун мыйзамдуулугун текшерип, тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүшү керек.

Аймакта санитардык нормаларды жана эрежелерди бузган объекттер да бар.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулуна сөгүш жарыялап, муниципалдык аймак башкармалыгынын жетекчисин кызматтан алууну тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»