13:48, 3-апрель, 2026

Молдованын парламенти өлкөнү КМШнын катарынан чыгарууга макул болду

На русском
10:16, 3-апрель, 2026 241

АКИpress - Молдованын парламенти КМШнын негизги келишимдеринен чыгуу боюнча мыйзамдарды акыркы окууда кабыл алды.

Сөз КМШны түзүү жөнүндө макулдашуу, ага кошумча протокол жана уюмдун уставы тууралуу болуп жатат. Бул чечимди 101 депутаттын ичинен 60ы колдоду. Молдованын бийлиги бардык жол-жоболор аяктагандан кийин өлкө юридикалык жактан КМШнын курамынан чыгарын билдирүүдө.

КМШнын Аткаруу комитетине расмий билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин бул чечим 12 айдан соң күчүнө кирет. Бул кадамга коммунисттер менен социалисттер каршы чыгышты. Алар мындай чечим өлкөгө жана анын экономикасына зыян алып келиши мүмкүн деп эсептешет.

Ошол эле учурда Кишинёв КМШ алкагындагы бардык келишимдерден дароо баш тартпай турганын билдирүүдө. Экономикага жана жарандарга пайдалуу, ошондой эле өлкөнүн европалык багытына каршы келбеген макулдашуулар күчүндө калышы мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»