13:49, 3-апрель, 2026

Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары кеңейип, аудиторлордун саны үчкө чейин кыскарды

На русском
09:51, 3-апрель, 2026 320

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду.

Документ менен Эсептөө палатасынын аудит жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктары такталды.

Тактап айтканда, мындан ары палата мамлекеттик жана/же муниципалдык үлүшү чоңураак болгон ишканалар менен уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик кепилдик, күрөө же башка камсыздоо алышкан юридикалык жактардын жана жеке ишкерлер мамлекеттик жана башка ресурстардын эсебинен жасалган келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарышса аларга карата каражатты пайдалануусу боюнча аудит жүргүзөт.

Ошол эле учурда Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамы өзгөртүлдү: 9 кишинин ордуна 3 киши болот.

Ошондой эле аларды дайындоо тартиби такталды. Эми бир талапкерди президент, ал эми экөөнү Жогорку Кеңеш сунуштайт.

Жаңы редакциядагы мыйзам менен Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызматты өтөө жана кызматкерлерди аттестациялоо тууралуу берене кайрадан жазылды. Алгачкы аттестация жумушка кабыл алынгандан бир жылдан кийин, кезектеги аттестация эки жылда бир жолу өткөрүлөт.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын кеңеши эсептелери такталды, анын курамына төрага, аудиторлор жана кызмат адамдары кирет. Анын курамы палатанын төрагасынын буйругу менен бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»