АКИpress - Казакбаев Адилет Казакбаевич «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын директору болуп дайындалды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Буга чейин ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Оңдоо-курулуш иштери жана суу менен камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
«Бишкекасфальтсервистин» директору Бакытберди Бекбоев болчу.