АКИpress - Бекбоев Бакытберди Нурланбекович жеке арызынын негизинде «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал бул кызматка 2024-жылдын апрель айында дайындалган.