АКИpress - Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиевди 16-майга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал №21 тергөө абагында (1-абак) кармалат.
ИИМ 1-апрелде «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупциялык схеманы иликтөөнүн алкагында Шайырбек Ташиевдин кармалганы тууралуу билдирген. Мамлекетке келтирилген болжолдуу зыян, анын ичинде жоголгон киреше жана төлөнбөгөн салыктар, 4,1 миллиард сомдон ашык.