АКИpress - Кыргыздарда устукан тартуу - улут маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Аны менен сый-урмат көрсөтүүнүн деңгээлин жадакалса аймактык өзгөчөлүктү дагы аныктоого мүмкүн.
Аймактарга жараша устукан тартуу жөрөлгөсү кыйла айырмаланат. Алсак, Ысык-Көл жергесинде жаш балага тартылган баш Нарында аксакалга тартылышы мүмкүн. Кандай устукандар бар, аларды тартуу аймактар боюнча кандай айырмаланат көз чаптырабыз.