20:37, 2-апрель, 2026

Бишкекте 12-кичи райондо тамактануучу жайлардын бир бөлүгү бузулат

На русском
17:18, 2-апрель, 2026 192

АКИpress - Бишкекте суу коргоо зонасындагы өзүм билемдик менен курулган объектилерди бузуу иштери уланууда.

Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы билдиргендей, Октябрь райондук прокуратурасынын талаптарын аткаруунун алкагында, 12-кичи райондогу Каралаев көчөсүндөгү №62/6 дарегинде жайгашкан «Ашкана», «Фермердик дүкөн», «Беш манты», «Мастер Шаурма» жана «Жираф» тамактануучу жайларынын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган объектилердин бир бөлүгү бузулат.

Түшүндүрүү иштеринен кийин менчик ээлери объекттерин ыктыярдуу түрдө демонтаждоого киришти. Учурда 250 метрден ашуун кошумча курулуштарды бузуу иштери жүрүп жатат.

Буга чейин «Ориенталь» кафесинин муниципалдык жерге, Аламүдүн дарыясынын үстүнө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок курулган кошумча бөлүгү демонтаждалган. Аталган кошумча курулуштун туурасы 9 метр, узундугу 27 метрди түзгөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»