20:37, 2-апрель, 2026

Азербайжандын президенти ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолукту

На русском
15:50, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 16:44, 2-апрель, 2026) 166

АКИpress - Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттеринин уюмунун өкмөт башчыларынын жыйынынын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Касымалиев Кыргызстан Азербайжан менен болгон мамилени жогору баалай турганын белгиледи.

«Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктай турганын канааттануу менен белгилейм», - деди ал.

Ошондой эле соода, транспорт жана логистика чөйрөлөрүндөгү биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө мындан ары да өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»