02:55, 3-апрель, 2026

Бишкектеги «Алип Строй» компаниясынын 15 кабаттуу үйүнүн курулушу токтоду

На русском
14:39, 2-апрель, 2026 730

АКИpress - Курулуш министрлигинин алдындагы Курулуш көзөмөлү департаменти тарабынан «Алип Строй» ЖЧКсынын объектисине кезексиз текшерүү жүргүзүлгөндүгү маалымдалды.

Объект Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 174-176 даректеринде жайгашкан.

Текшерүү учурунда 15 кабаттуу турак үйдүн курулушунун айрым жерлеринде жарандарга коркунуч туудурган коргоочу конструкциялардын жоктугу аныкталды.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча «Алип Строй» ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду», - деп түшүндүрүштү министрликтен.


Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания 2012-жылдын 6-февралында каттоодон өткөн. Анын жетекчиси жана негиздөөчүсү Арапов Уланбек Махамадалиевич.

Садырбаев көчөсү, 174-176

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»