23:31, 2-апрель, 2026

Нурбек Жумалиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болду

На русском
14:36, 2-апрель, 2026 360

АКИpress - Нурбек Жумалиев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Министр Канатбек Чыныбаев аны жамаатка тааныштырды.

ӨКМ билдиргендей, Жумалиев 1973-жылы 25-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чек айылында төрөлгөн.

1996-жылы Улуттук агрардык университетин гидромелиорация адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында гидро-инженер болуп баштаган. 2007-жылдан бери ӨКМдин түрдүү түзүмдөрүндө иштеп келет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»