23:32, 2-апрель, 2026

Алмазбек Асанов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды

На русском
14:33, 2-апрель, 2026 392

АКИpress - Алмазбек Асанов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Министр Канатбек Чыныбаев аны жамаатка тааныштырды.

ӨКМ билдиргендей, Асанов 1979-жылы 28-декабрда Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.

2002-жылы Россиянын Тамбов шаарындагы Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскердик университетин, 2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо академиясын аяктаган.

2003-жылдан бери ӨКМдин түрдүү бөлүмдөрүндө эмгектенет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»