09:48, 3-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 3-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы
20:00, 2-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Биздин эрага чейин Баткенде деңиз болгон (сүрөт)

Бакаев жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бөлүгүнө бир тараптуу кыймыл киргизилди

На русском
14:30, 2-апрель, 2026 314

АКИpress - 2-апрелден тарта эки көчөдө бир тараптуу кыймыл киргизилди, деп билдирди Бишкек ШИИББдин Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Бакаев көчөсүнүн Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө бир тараптуу кыймыл киргизилди:

  • Жаш Гвардия бульварынан батыш тарапка Асаналиев (Некрасов) көчөсүнө чейинки Бөкөнбаев көчөсү;
  • Бөкөнбаев көчөсүнөн түштүк тарапка Лев Толстой көчөсүнө чейинки жаңы Бакаев көчөсү.

«Бул өзгөрүүлөр транспорт агымын жөнгө салууга, тыгындарды азайтууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган», - деп кошумчаланды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»