04:46, 3-апрель, 2026

Жыртылган акчаны кай жерге алып баруу керек? Улуттук банктын түшүндүрмөсү

На русском
14:14, 2-апрель, 2026 756

АКИpress - Кыргызстанда улуттук валютанын эскирген жана бузулган банкнотторун коммерциялык банктар жана Улуттук банк аркылуу алмаштырууга болот. Бул тууралуу Улуттук банктын акча каражаттарын башкаруу башкармалыгынын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди.

Анын айтымында, сом банкноттору пахта буласынан жасалат, бирок жүгүртүүдө 2-3 жылдан кийин эскирип, алмаштырууга туура келет.

Ал банкнот жыртылып, бирок анын аянтынын кеминде 80%ы сакталган болсо, аны коммерциялык банктардан алмаштырууга болорун түшүндүрдү.

Ал эми банкноттун аянтынын 50%дан 80%ы же андан аз бөлүгү сакталган же олуттуу бузулган учурда, алмаштыруу Улуттук банкта, анын ичинде анын облустук башкармалыктарында ишке ашат.

«Зарыл болгон учурда аныктыгын экспертизадан өткөрүү жүргүзүлөт. Абалына жараша банкноттун наркынын 50% же 100% кайтарылып берилиши мүмкүн», — деди ал.

Ошол эле учурда, Улуттук банк чет элдик валютаны алмаштырууну жүргүзбөй тургандыгын баса белгиледи.

Артыкованын айтымында, эскирген чет элдик банкнотторду коммерциялык банктар же алмаштыруу бюролору аркылуу алмаштырууга болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»