03:53, 3-апрель, 2026

Быйыл өлкөдө батирлердин баасы арзандашы мүмкүнбү? Адистин пикири

На русском
13:45, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 15:33, 2-апрель, 2026) 484

АКИpress - Кыргызстандын кыймылсыз мүлк рыногунда келишимдердин санынын азайышы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программаларынын таасирине байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кадастрдык баалоо секторунун башкы адиси Айдар Сүкөнбаев радио эфирде билдирди.

Анын айтымында, суроо-талаптын бир бөлүгү МИК тарабынан курулуп жаткан турак жайларга багытталууда.

«Турак жай алуу үчүн кезекке тургандар убактылуу башка кыймылсыз мүлк сатып алуу муктаждыгын токтотушат — алар батир да, үй да сатып алышпайт», - деди ал.

Адис белгилегендей, жалпысынан учурда кыймылсыз мүлк рыногунда ар кандай баалар жана божомолдор айтылууда. Ушундай эле абал коңшу өлкөлөрдө да байкалып, суроо-талаптын туруксуздугу жана төмөндөшү катталууда. Ошол эле учурда эксперттердин арасында бирдиктүү пикир жок. Айрымдары рынок туу чокусуна жетти десе, башкалары узак мөөнөттүү келечекте баалардын дагы жогорулашын четке кагышпайт.

Сүкөнбаев Кыргызстандагы баалардын динамикасына 2004-жылдан бери жүргүзүлгөн анализ рыноктун өнүгүүсү циклдик мүнөзгө ээ экенин көрсөткөнүн билдирди. Тактап айтканда, рыноктун каныгуу баскычтары 2007, 2013 жана 2019-жылдары катталган.

«Эгерде рыноктун каныгуусу болжол менен ар бир 6 жыл сайын болуп турарын эске алсак, анда 2025-жылы рынок кайрадан ушул баскычка жетти деп болжолдоого болот», - деди ал.

Анын айтымында, кыймылсыз мүлк рыногу инерттүү болгондуктан, баалардын өзгөрүшү акырындык менен жүрөт. Мүмкүн болгон рецессия (төмөндөө) болжолдоолор боюнча 2026-жылы байкалышы мүмкүн, бирок так жыйынтык чыгарууга али эрте. Ал кошумчалагандай, февраль айында батирлердин баасынын арзандашы бул гипотезаны жарым-жартылай тастыктайт, бирок март айындагы өсүш суроолорду жаратууда. Так корутундуларды экинчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен чыгарууга болот.

Рынокко таасир этүүчү кошумча факторлордун катарында ал бүтпөй калган объекттердин санынын өсүшүн жана курулуш материалдарынын кымбатташын атады. Ошол эле учурда адистин баамында, рынок каныккан учурда да баалардын кескин төмөндөшү күтүлбөйт.

«Күтүлүп жаткан төмөндөө болжол менен 5–10%ды түзүшү мүмкүн», - деп билдирди Сүкөнбаев.

Ошондой эле ал мындай циклдик көрүнүш КМШнын башка өлкөлөрүнө да мүнөздүү экенин, бирок Кыргызстанда баалардын төмөндөө мезгили, адатта, кыска мөөнөттүү болуп, 1–2 жылга созуларын, андан кийин рынок кайра калыбына келерин белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»