09:48, 3-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 3-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Доллардын эртең мененки баасы
20:00, 2-апрель, 2026 (5 адам окуп жатат)
Биздин эрага чейин Баткенде деңиз болгон (сүрөт)

«Ак-Тилек» өткөрмө пункту аркылуу 7,6 млн сомдук товар мыйзамсыз ташылып келе жаткан

На русском
13:13, 2-апрель, 2026 487

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө ири көлөмдө дары-дармек каражаттарын жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унааны текшерүүдө товарлардын коштомо документтери болбогону аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз ташылып кирген товардын жалпы баасы 7,6 млн сомдон ашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»