23:12, 2-апрель, 2026

«Ак-Тилек» өткөрмө пункту аркылуу 7,6 млн сомдук товар мыйзамсыз ташылып келе жаткан

На русском
13:13, 2-апрель, 2026 379

АКИpress - Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө ири көлөмдө дары-дармек каражаттарын жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Маалым болгондой, жүк ташуучу унааны текшерүүдө товарлардын коштомо документтери болбогону аныкталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз ташылып кирген товардын жалпы баасы 7,6 млн сомдон ашты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»