04:36, 3-апрель, 2026

Кыргызстанда накталай акчанын көлөмү 280 млрд сомго жетти

На русском
12:42, 2-апрель, 2026 324

АКИpress - Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү болжол менен 280 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө накталай жана накталай эмес акчалардын катышы бирдей деңгээлде сакталууда. Электрондук капчыктарды жана QR-төлөмдөрдү кошо алганда, накталай эмес төлөмдөр өскөнүнө карабастан, накталай акчага суроо-талап жогору бойдон калууда.

«Акыркы жылдардагы динамиканы карасак, 2020-жылы жүгүртүүдө болжол менен 200 млрд сом болгон. 2024-2025-жылдары бул көрсөткүч 240 млрд сомго чейин өскөн. Азыр, Улуттук банктын статистикасы боюнча, жүгүртүүдө 280 млрд сомдун тегерегинде», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»