АКИpress - Кыргызгидромет билдиргендей, 3-апрель күнү Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түнкүсүн 9...+14
күндүз 25...+30
Суусамыр өрөөнү
түнкүсүн -1...+4
күндүз 5...+10
Талас өрөөнү
түнкүсүн 7...+12
күндүз 24...+29
Баткен облусу
түнкүсүн 7...+12
күндүз 24...+29
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 7...+12
күндүз 24...+29
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн 3...+8
күндүз 18...+23
Нарын облусу
түнкүсүн 0...+5
күндүз 19...+24
Бийик тоолуу райондор
түнкүсүн -5...+0
күндүз 1...+6
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11...+13°, күндүз 27...+29° болот.