17:22, 2-апрель, 2026

Бишкекте 146 млн сомго бааланган жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

На русском
12:09, 2-апрель, 2026 229

АКИpress - Бишкекте аянты 0,63 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек мэриясы муниципалдык жер тилкени пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан баасы 146 млн 273 миң сомду түзгөн 0,63 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»