АКИpress - Бишкекте аянты 0,63 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек мэриясы муниципалдык жер тилкени пайдаланууга берүүдө мыйзам талаптарын одоно бузууга жол бергендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде Көк-Жар кичи районунун И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан баасы 146 млн 273 миң сомду түзгөн 0,63 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.