17:21, 2-апрель, 2026

Кыргызстанда 1 миңден ашуун мамлекеттик ветеринар бар, алардын көбү пенсия курагында

На русском
11:58, 2-апрель, 2026 237

АКИpress - 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева ветеринардык чөйрөдөгү кадрдык кырдаал боюнча маселе көтөрдү. Ал Ветеринардык кызматтын учурдагы кызматкерлеринин санын сурады.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Кумар Исаков өлкөдө 1146 мамлекеттик ветеринар бар экендигин билдирди. Ошол эле учурда жеке адистер да иштешет.

Депутат республикадагы малдын санын тактады.

Кумар Исаковдун жообуна караганда, бодо малдын саны 2 миллионго жакын, майда жандыктар 7 миллионду түзөт. Жалпысынан өлкөдөгү айыл чарба жаныбарларынын саны 20 миллионго жакындайт.

«Аймактарда жаш ветеринарлар жок, баары пенсионерлер экен. Бул коопсуздукка да тиешелүү болгондуктан, бул маселени кантип чечип жатасыздар?» - деп сурады депутат.

Исаковдун айтымында, учурда адистердин көбүнүн жашы 65–70 жаш аралыгында, ал эми жаш кадрлар бул чөйрөгө келүүдөн баш тарткандыктан, ведомство пенсия курактагы ветеринарлардан иштөөнү суранууга аргасыз болууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»