09:46, 3-апрель, 2026

Трамп Иран ок атууну токтотууну суранганын билдирди, Тегеран муну четке какты

На русском
11:18, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 11:31, 2-апрель, 2026) 303

АКИpress - Ирандын бийлиги АКШдан ок атууну токтотууну суранды, деп Америка президенти Дональд Трамп билдирди.

«Ирандын жаңы режиминин президенти мурункуларына караганда бир топ акылдуураак жана радикалдуу эмес, ал азыр эле АКШдан ок атууну токтотууну суранды. Ормуз кысыгы ачык, эркин жана коопсуз болгондо биз муну карап көрөбүз», - деп жазды Трамп «Truth Social» тармагында.

Ал бул ишке ашмайынча АКШ Иранга сокку урууну уланта берерин билдирди.

Ал эми Иран америкалык лидердин ок атууну токтотуу боюнча айткандарын четке какты. Бул тууралуу Иран президентинин администрациясынын өкүлү Сейед Мехди Табатабаи билдиргенин «Al Jazeera» кабарлады.

Анын айтымында, Ирандын аймактык бүтүндүгүн агрессиядан коргоо боюнча позициясы өзгөрүүсүз калат.

«Иран Ислам Республикасынын өлкөнүн бүтүндүгүн душмандардын агрессиясынан коргоо жана таңууланган согушту токтотуу шарттары боюнча позициясы өзгөргөн жок, кылмышкерлердин калпына көңүл бурулбайт», - деп  белгиледи Табатабаи.

Ошондой эле ал иран эли өз мекенин коргоодо чечкиндүү жана бирдиктүү бойдон кала берээрин кошумчалап, бул биримдикти Тегерандын жеңишинин ачкычы деп атады.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу бир айдан ашык убакыттан бери уланууда. Согуш башталгандан бери мурда дүйнөлүк мунай экспортунун бештен бир бөлүгү өтүүчү Ормуз кысыгы жабык турат.

Акыркы күндөрү Дональд Трамп АКШ согуштук аракеттерди аяктоого жакын калганын бир нече ирет ишарат кылган. «The Wall Street Journal» басылмасынын булактары Трамп Ормуз кысыгы жабык калса да, согушту токтотууга даяр экенин ырасташкан.

Март айында АКШ Иранга 15 пункттан турган тынчтык планын сунуштаганы кабарланган. Тегеран бул планды бир тараптуу жана адилетсиз деп таап, Вашингтонго өз сунуштарын жөнөткөн. Анда согуштук аракеттерди токтотуу, согуштун кайталанышын жокко чыгаруучу объективдүү шарттарды түзүү жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигин берүү талаптары камтылган.

Ошол эле учурда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин айтымында, тараптар толук кандуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, ортомчулар аркылуу гана билдирүүлөр менен алмашууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»