АКИpress - Башкы прокуратуранын 2025-жыл боюнча отчету парламентке келип түшкөндүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 2-апрелдеги отурумда билдирди.
Анын айтымында, ал алгач Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде, андан кийин депутаттардын отурумунда каралат.
«Тиешелүү тапшырмалар берилди», - деп кошумчалады ал.