16:20, 2-апрель, 2026

Трамп Иранга катуу сокку уруларын жарыялады

На русском
11:05, 2-апрель, 2026 289

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп элге кайрылууда Иранга эки-үч жуманын ичинде катуу сокку ураарын билдирди, деп кабарлайт «Reuters».

«Биз план боюнча алга жылганыбызды жана жакында бардык аскердик милдеттерибизди аткарарыбызды билдире алам. Кийинки эки-үч жуманын ичинде биз өтө катуу сокку урабыз. Биз аларды таш дооруна кайтарабыз, алардын орду ошол жакта», - деди Трамп.

Ал Ормуз кысыгы жаңжал аяктагандан кийин өзү эле ачыларын кошумчалады.

Трамптын айтымында, Ирандагы негизги стратегиялык максаттар аяктоого жакындап калды. Бирок ал согуштун качан бүтөрүн конкреттүү айткан жок.

Ошондой эле ал Иран флоту талкаланганын», аба күчтөрү кыйратылганын, лидерлери өлүп калганын, ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчилери жок кылынып жатканын билдирди.

«Согуш тарыхында душман бир нече жуманын ичинде мынчалык масштабдуу жоготууларга учураган эмес», - деди АКШнын президенти.

Мурда Трамп Америка Кошмо Штаттары Иран менен согушту эки-үч жуманын ичинде бүтүрө аларын, ал эми тынчтык келишимине жетишилсе, согуш эртерээк бүтөрүн айткан. Ошол эле учурда Трамп Ормуз кысыгын ачуу маселеси башка өлкөлөрдүн көйгөйү болушу керектигин белгилеген. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»