04:00, 3-апрель, 2026

Жогорку Кеңеште «75 аксакалдын каты» боюнча түшүндүрмө берилди

На русском
10:57, 2-апрель, 2026 1498

АКИpress - Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда парламент төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгеленген кат боюнча түшүндүрмө берди.

«75 аксакал, көксакалдын каты боюнча кайрылуулар дагы эле болуп жатыптыр. Коомчулукта бир топ жерде,  журналисттер дагы ушул жерге келип, депутаттардан көп сурап жатышат. Ал боюнча жалпы мындай маалымат берип коёюн.

Менин биринчи эле иш күнүмдө ал кат кайсы жерде деген аныктаманы жүргүзгөнбүз. Анын алкагында ал кат дароо эле Конституциялык комитетке түшүп, кароого жиберилгени маалым болгон. Биз бир топ убактан кийин, белгисиз себептер менен жагдайларды — эмне болуп жатканын түшүнбөй, комиссия түзүү чечимин кабыл алып, мен өзүмдүн тескемем менен ички комиссия түзүлүп, толук түрдө кагаз кантип бул жакка келгенин жана кантип Конституциялык комитетке түшкөнүнө чейин бардыгы аныкталган. Бүгүнкү күнү ал жыйынтык ИИМге берилген. Ал жакта тергөө өз жумушун алып барып атат.

Айтып кете турган нерсе, чын чынына келгенде ал кат бул жакка Жогорку Кеңешке келип келе электе, аны бул жакта кадимкидей эле күтүп тосуп алган. Алып келген адам билесиздер, процедура боюнча кат өз жолу менен тийиштүү депутатка болсо депутатка, төрага болсо төрага, айтор өз жолу менен кетет. Бирок эмнегедир ал катты кол менен мурдагы төрагага чейин жакынкы жардамчылары, кеңешчилери алып келет. Андан соң тийиштүү тапшырмалар берилип, ошол айтылган комитеттин кароосуна чейин түшкөн», - деди ал.

Маматалиев комиссия түзүүнүн бирден бир себеби, каттын парламентте жүгүртүлүшүн аныктоо болгонун белгиледи.

«Билесиздер, депутаттарга, бизге көп кайрылуулар келет. Жалпы келет, өз-өзүнчө келет. Эми ар бир кайрылууларды алып келип, комитетте карабайбыз, аны дагы өзүңүздөр жакшы түшүнөсүздөр. Ошонун алкагында, кагаздын жүрүшү боюнча гана комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгы тийиштүү органдарга, ИИМге берилген. Ал жерде тергөө жүрүп атат. Биз ал жерде кимдин күнөөсү, катышы бар же жок экендиги тууралуу жооп бере албайбыз. Биз болгону кат кандай жүргөн, кандай барган, ошону аныктап берип койгонбуз. Калганын тергөө өзү жүргүзүш керек деп эсептейм», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»