14:49, 2-апрель, 2026

Бишкекте кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калган өспүрүмгө операция жасалды

На русском
10:32, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 11:01, 2-апрель, 2026) 230

АКИpress - Бишкек шаарында 15 жаштагы өспүрүм сөөктү жутуп алган жана ал кызыл өңгөчкө туруп калган. Эки ооруканада көлөмү 3,5×4 см болгон сөөктү алып чыгууга мүмкүн болбой, бала балдар ооруканасына которулган.

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов «АКИpress» агенттигине бүгүнкү күндө баланын абалы канааттандырарлык экенин тастыктады.

«Буга чейин сөөктү эки жолу алып чыгууга аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Андан кийин бала бизге келип,  31-мартта операция жасадык. Учурда абалы жакшы», - деп билдирди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»