12:16, 2-апрель, 2026

АКШ Айга кеме учурду

На русском
10:28, 2-апрель, 2026 226

АКИpress - Америка Кошмо Штаттары «Артемида-2» миссиясынын алкагында 1972-жылдан бери биринчи жолу 4 астронавтты Айды көздөй учурду. Жердин жандоочусунун айланасындагы саякат болжол менен 10 күнгө созулушу керек, деп билдирет «Би-би-си».

Кеме Флоридадагы Канаверал тумшугунан ийгиликтүү учурулду.

«Артемида-2» миссиясына НАСАнын астронавттары Рид Уайзман, Виктор Гловер жана Кристина Кох, ошондой эле Канаданын космос агенттигинин астронавты Жереми Хансен кирген, алар Айды бир жолу айланат.

«Артемида-2» миссиясы — АКШнын Ай программасындагы негизги биринчи кадам, себеби 2028-жылы «Артемида-4» миссиясынын алкагында Айдын бетине конуу пландалган.

Ал эми Кытай 2030-жылы астронавттарды Айга кондурууну пландап жатат.

«Артемида-2» миссиясынын астронавттары Жерден болжол менен 406 миң километр алыстыкта болушат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»