13:17, 2-апрель, 2026

Кыргызстанда бир сутка ичинде 17 өрт кырсыгы катталды

На русском
10:09, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 10:28, 2-апрель, 2026) 135

АКИpress - Өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөр:

  • Чүй облусунда — 6
  • Ош шаарында — 2
  • Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарында — 2ден
  • Талас облусунда жана Бишкек шаарында — 1ден катталган.

Бишкек шаарындагы өрт Түштүк батыш көрүстөнүндө болгон. Анда 70 чарчы метр кургак чөп жана 1 бак күйгөн.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»