04:44, 3-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
22:37, 2-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
«Бишкекасфальтсервиске» жаңы директор дайындалды

Бакуда Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы менен Азербайжандын премьер-министри жолукту

На русском
10:03, 2-апрель, 2026 293

АКИpress - Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев Бакуда уюмдун өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин 2-жыйынына чейин Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар алдыдагы жыйындын күн тартибин, программасын, ошондой эле уюмдун алкагындагы кызматташтыктын негизги багыттары менен актуалдуу регионалдык жана глобалдык процесстерди талкуулашты.

Өмүралиев түрк мамлекеттеринин тилектештигин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, экономика, транспорт, энергетика жана соода тармактарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана жогорку деңгээлдеги байланыштарды кеңейтүүгө бекем берилгендигин ырастады.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын/вице-президенттеринин жыйындары мамлекет башчылардын чечимдерин ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат жана өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»