13:16, 2-апрель, 2026

Кыргызстанда алкоголдук продукцияны өндүрүп, чекене сатуу боюнча лицензиялоого өзгөртүү киргизилди

На русском
09:59, 2-апрель, 2026 178

АКИpress - Министрлер кабинети 30-мартта №202 токтомду кабыл алып, алкоголдук продукция тармагындагы лицензиялоо эрежелерине өзгөртүү киргизди.

Атап айтканда, этил спирти менен алкоголдук продукцияны өндүрүү жана чекене жүгүртүү боюнча иш жүргүзүү үчүн жыйымды төлөө тартибине жана анын чендерине, ошондой эле иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, этил спирти менен алкоголдук продукцияны өндүрүп, жүгүртүү боюнча иш жүргүзүү үчүн жыйым төлөө тартибинин жана чендеринин 6-пункту күчүн жоготту деп табылды. Мында этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия алган субъекттер үчүн жыйым 2500 эсептик көрсөткүч — 250 миң сом деңгээлинде сакталат. Негизинен жыйымдардын өлчөмү өзгөрүүсүз калды:

  • алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү лицензиясы үчүн — 250 миң сом;
  • шарап, көбүктүү шарап менен шарап суусундуктарын өндүрүү жана жүгүртүү лицензиясы үчүн — 50 миң сом;
  • алкоголдук продукцияны дүңүнөн сатуу лицензиясы үчүн — 250 миң сом;
  • сыраны дүңүнөн сатуу лицензиясы үчүн — 50 миң сом.

Токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»