13:53, 2-апрель, 2026

Бишкекте мушташ учурунда кишиге курч нерсе менен кол салганга шектүү кармалды

На русском
09:49, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 09:52, 2-апрель, 2026) 200

АКИpress - Бишкекте денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча изделип жаткан шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Окуя 31-март күнү  саат 22:37 чамасында Бобулов көчөсүндө болгон. Анда жарандардын ортосунда чыр-чатак чыгып, К.И. аттуу адам белгисиз курч буюм менен жаракат алган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1986-жылы туулган Д.М. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»