23:12, 2-апрель, 2026

1-апрелден тарта кимдердин айлыгы жогорулады жана 1-сентябрда кимдики жогорулайт?

На русском
09:23, 2-апрель, 2026 2342

АКИpress - Кыргызстанда 1-апрелден тарта бюджеттик чөйрөдө иштегендердин айлык акысы жогорулатылып, айрым категориядагы кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр дайындалды.

Президент Садыр Жапаровдун «Бюджеттик чөйрөнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык:

2026-жылдын 1-апрелинен тарта:

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, маалымат жана спорт, социалдык коргоо тармактарынын кызматкерлеринин эмгек акысы теңделип, тегеректелип жогорулатылат, ошондой эле айлык ченине 15 миң сом президенттик компенсациялык төлөм белгиленет (техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлерден тышкары).

Укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы, ошондой эле жарандык кызматкерлери айлык ченине 5 000 сом президенттик компенсация алышат.

2026-жылдын 1-сентябрынан тарта:

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым кызматкерлеринин кызматтык маянасына эмгекти татаалдаштыруу жана сапаттуулугу, кесиптик демилге жана белгиленбеген жумуш күнү үчүн 50%га чейин кошумча акы алуу каралган.

Мамлекеттик органдардын карамагындагы жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация дайындалат. Бул компенсация төмөнкү түзүмдөрдүн кызматкерлерине жайылтылбайт:

  • укук коргоо органдары жана Куралдуу күчтөр,
  • Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаменти жана Юридикалык жардам көрсөтүү кызматы,
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат,
  • Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыттар жана тоют, ошондой эле химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти,
  • атайын мекемелердин айрым кызматкерлери: Сууда сүзүүчүлөрдү даярдоо жана суу алдындагы-техникалык иштерди жүргүзүү борбору, «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси, жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле түрдүү мамлекеттик органдардын өзгөчө макамга ээ болгон бөлүмдөрү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»