АКИpress - 2-апрелде саат 05:28де Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым, Мырза-Аке айылынан 6 чакырым түштүк-батышта, Куршаб айылынан 5 чакырым, Кара-Суу шаарынан 30 чакырым жана Ош шаарынан 45 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй сезилди:
Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында — 4,5 баллга жакын;
Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк жана башка айылдарда — 4 балл;
Кара-Суу шаарында, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Ничке-Сай, Салам-Алик айылдарында — 3,5 балл;
Ош, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында — 3 балл.