11:02, 2-апрель, 2026

Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү 3 авариялык үй бузулат

На русском
08:59, 2-апрель, 2026 235

АКИpress - Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев имараттар эки жылдан бери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин көзөмөлүндө турганын билдирди. Имарттар учурда авариялык абалда.

Мэр үй ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлер берилерин, баадагы айырманы жеңилдетилген шарт менен төлөө мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Мүлктү баалоо пландалып, ар бир үй ээси менен жеке консультациялар уюштурулуп, тиешелүү келишимдер түзүлөт.

Коммерциялык жайлар турак жайлар менен бирдей каралат.

Эгерде мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталса, мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Ошондой эле имараттар бузулууга тийиш экенин жана андан кийин жер тилкеси муниципалдык менчикке өтөрү белгиленди. 

Авариялык үйлөргө 14төн 18 чарчы метрге чейинки болжол менен 350 батирди камтыган №18, 20, 22 үйлөр кирет. Алардын ичинен 38 батир муниципалитетке таандык.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»