АКИpress - Кыргызстандын Коргоо министрлиги Ысык-Көл облусунда Россиянын «Су-25» аскердик учагы машыгуу учурунда ок-дарысын түшүрүп алган окуя болгондугун тастыктады.
Буга чейин социалдык тармактарга аскердик учак учуп өткөндөн кийин жерде пайда болгон чуңкурлар көрсөтүлгөн видео тараган.
«31-мартта саат 17:25 чамасында Россиянын Кант шаарындагы авиабазасынан «Су-25» учагы окуу-машыгуу үчүн учуп чыккан жана 2 болванканы белгиленбеген жерге түшүрүп алган. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Россия тарап атайын комиссия жөнөтүү чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин чечими менен окуянын себептери такталмайынча окуу-машыгуу учуулары токтотулду. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын аскердик прокуратурасы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», - дейт Кыргызстандын Коргоо министрлиги.