21:57, 1-апрель, 2026

Бишкекте бардан чыккан адам автоунаасын таппай калган

На русском
17:45, 1-апрель, 2026 (Жаңыланды: 17:47, 1-апрель, 2026) 275

АКИpress - Бишкекте автоунаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, 29-мартта саат 03:25 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги барлардын биринен чыгып, өзүнүн «Тойота Приус» үлгүсүндөгү унаасын таппай калган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) боюнча каттоого алынган.

Милиция кызматкерлери шектүү катары 2007-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаранды кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Уурдалган унаа Чүй облусунун аймагынан табылып, ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деп жазылган маалыматта.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»