02:13, 2-апрель, 2026

Трамп НАТОдон чыгууга олуттуу карап жатканын билдирди

На русском
17:29, 1-апрель, 2026 472

АКИpress - АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун өлкөлөрү Иранга каршы согушка кошулбагандыктан, НАТОдон чыгуу жөнүндө олуттуу ойлонуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «The Telegraph» маалымат каражатына берген маегинде айтты.

«НАТО мени эч качан таасирленткен эмес. Алар «кагаз жолборс» экенин ар дайым билчүмүн, жана [Россиянын президенти Владимир] Путин да муну билет», - деди Трамп.

АКШ президенти өнөктөштөрү жардам бербегенине ишенүү кыйын болгонун билдирди. Анын пикири боюнча, НАТО согушка автоматтык түрдө катышууга тийиш эле.

«Биз автоматтык түрдө кошулчубуз, анын ичинде Украинада дагы. Украина биздин көйгөйүбүз болгон эмес. Бул сыноо болчу жана биз алардын жанында болдук, биз ар дайым алардын жанында болмокпуз. Бирок алар биздин жаныбызда болгон жок», - деп кошумчалады ал.

17-мартта Дональд Трамп НАТО өлкөлөрүн Иранга каршы аскерий операцияга катышууга жана Ормуз кысыгын ачууга жардам берүүдөн баш тарткандыгы үчүн сынга алды. Анын айтымында, Америка бийлиги альянска кирген өлкөлөрдү жүздөгөн миллиард доллар сарптайт, бирок альянстагы мамлекеттер Америка Кошмо Штаттары үчүн эч нерсе жасашпайт, айрыкча муктаждык учурунда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»