08:39, 2-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү
23:24, 1-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Сүрөт — Кызыл-Кыя шаарына жаңы мэр келди

Сүрөт — Айтматов көчөсүндөгү 3 айдан бери курулушу бүтпөй жаткан жер алдындагы өтмөктөр

На русском
16:37, 1-апрель, 2026 998

АКИpress - Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки тилкесинде жер алдындагы өтмөктөр курулуп жатат. «АКИpress′тин» кабарчысы 1-апрелде курулуш жүрүп жаткан жерди көрүп келди.

Биринчи өтмөктүн кире бериш жери жасалууда — полу төшөлүп бүткөнү менен ал аркылуу өтүүгө мүмкүн эмес. Экинчи объектте да ушундай абал байкалууда.

Үчүнчү жер алдындагы өтмөктө ширетүүчүлөр келечектеги чатырлар үчүн темир конструкцияларды орното башташты. Төртүнчү объектте да темир конструкцияларды монтаждоо иштери жаңы гана башталды.

Курулуш 2026-жылдын 1-январында башталган — иштер 91 күндон бери жүрүп жатат. Алгачкы он күндүн ичинде жер казуу иштери аткарылып, андан кийин жол кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылган. Учурда жөө жүргүнчүлөр дагы деле жолду кесип өтүүгө аргасыз болууда.

Мурда Бишкек мэриясы март айынын аягына чейин, аба ырайы жакшы болсо, өтмөктөрдү куруп бүтүрүү пландалып жатканын билдирген.

Ушул эле көчөдө, түштүк магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейинки тилкедеги жер алдындагы өтмөк былтыр 15-октябрдан 30-декабрга чейин —  77 күндө курулган.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»