АКИpress - Ысык-Көл облусунда талаага белгисиз нерселер түштү. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына 1-апрелде Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан ырасташты.
Материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлдү. Адамдар жабыркаган жок.
Буга чейин социалдык тармактарга Ысык-Көл облусунун тургундарынын белгисиз нерселердин түшкөнүнөн улам пайда болгон чуңкурлардын видеосу тараган. Болжолдуу түрдө, бул — учуп бара жаткан истребителден түшкөн ок.