АКИpress - 2-апрелде Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) унаа кыймылы үчүн ачылат.
Мэриядан билдиришкендей, бирок жол оңдоо иштеринин улантылышына байланыштуу Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүк тарабы) жана Дэн Сяопин проспектиси менен Сыдыгалиев көчөсүнүн кесилиши 2-апрелден 7-апрелге чейин убактылуу жабылат.