05:17, 2-апрель, 2026

Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

На русском
15:38, 1-апрель, 2026 359

АКИpress - Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 31-мартындагы №133 жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикти түздү.

Жаңы түзүм Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин, ошондой эле аталган министрликтин туризм чөйрөсүндөгү тиешелүү функцияларынын негизинде түзүлөт.

Буга байланыштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы да өзгөртүлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»