АКИpress - Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп Боронбаев Кубанычбек Нуралиевич дайындалды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы 1-апрелде билдирди.
К.Боронбаев 1991-жылы 10-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан жогорку билим алган.
Ал 2024-жылдан бери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде эмгектенип, буга чейин маданий борбордун директорунун орун басары кызматын ээлеп турган.