03:37, 2-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (4 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү
11:29, 31-март, 2026 (1 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды

Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп Кубанычбек Боронбаев дайындалды

На русском
15:34, 1-апрель, 2026 320

АКИpress - Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп Боронбаев Кубанычбек Нуралиевич дайындалды. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы 1-апрелде билдирди.

К.Боронбаев 1991-жылы 10-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан жогорку билим алган.

Ал 2024-жылдан бери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде эмгектенип, буга чейин маданий борбордун директорунун орун басары кызматын ээлеп турган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»